5- Декабрь 1901 -жылы
немис физиги Вернер Гейзенберг туулган
Немис физиги, физика боюнча "Нобель" сыйлыгынын ээси Вернер Гейзенберг Вюрцбургда туулган.
Вернер Гейзенберг квант теориясындагы бир нече жыйынтыктардын автору: матрица механикасынын негизин салган, аныксыздык мамилелештигин формулировкалаган. Квант электродинамикасынын өнүгүшүнө активдүү катышкан. Жашоосунун акыркы жылдары биримдиктүү талаа назариятын түзүү аракеттерин көргөн.
Гейзенберг 1976-жылы 1-февралда Мюнхенде каза болгон.