21- Январь 2014 -жылы Криштиану Роналду "Падыша Генрих" ордени менен сыйланган
Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду Португалиянын президенти Анибал Каваку Силва тарабынан "Падыша Генрих" ордени менен сыйланган.
Футболчуга сыйлык өз өлкөсүнүн желегин чет жерлерде желбиретип жаткандыгы үчүн жана өсүп келаткан жаш муунга үлгү көрсөтүп жаткандыгы үчүн тапшырылган.
Сыйлык тапшыруу аземи 6-январга туураланган. Бирок, 5-январда легендарлуу футболчу Эйсебионун дүйнө салганына байланыштуу сыйлык тапшыруу аземи артка жылдырылган. Ал ортодо Криштиану Роналду ФИФАнын версиясы боюнча дүйнөнүн “Мыкты футболчусу” аталып, "Алтын топко" ээ болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан