23- Январь 2014 -жылы Кыргыздын эң узун жигити Жеңишбек дарысына каражат табуу үчүн "Ош базарына" акчага сүрөткө түшүү үчүн чыккан
Кыргыз өлкөсүндөгү эң узун киши деп саналган Жеңишбек Райымбаев дарылануусуна каражат топтоо үчүн "Ош базарына" акчага сүрөткө түшүү үчүн чыккан.
Бир күндөн кийин Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз өлкөсүндөгү эң бою узун деп саналган Жеңишбек Райымбаев менен жолугушкан. Жолугушуудан кийин аталган министрлик Жеңишбек Райымбаевдин дарылануусун колго алган. I топтогу майып Жеңишбек Райымбаев министрликтин алдындагы реабилитациялык борбордо толугу менен дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, андан кийинки коюлган диагнозуна жараша жазында Ысык-Көлдөгү санаторийлердин бирине жолдомо алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан