13- Январь 2014 -жылы
“Бурановолук чоң энелер” тобунун эң картаң мүчөсү дүйнө салган
“Бурановолук чоң энелер” тобунун эң картаң солисти Елизавета Зарбатова 87 жаш курагында каза болгон
“Евровидение-2012” музыкалык сынагына катышып, 2-орунду ээлеген топтун “Ар бир адамга майрам” (“Party for Everybody”) аттуу ырын дал ошол Елизавета Зарбатова жазган. Топтун мүчөлөрү тарабынан Баба Лиза деген атка конгон айым аталган сынакта сахнага чыккан эмес.