23- Январь 2014 -жылы Кыргыз-Кытай чек арасын мыйзамсыз бузуп кирген 11 кылмышкердин баары өлтүрүлгөн
Аңчылык чарбасынын кызматкери Александр  Барыкин аңчылык лагерине кайтып келе жатып белгисиз адамдарга жолугуп калат. Алардан өздүгүн тактоочу документтерин сураганда, эч кимиси орус же кыргыз тилинде сүйлөшкөн эмес. Андан соң Барыкин дароо Ысык-Көлдүн кыргыз-кытай чек арасындагы кызматкерлерге "Пикертык" жылынуучу жайынын аймагында белгисиз 11 адамдан турган белгисиз топ байкалгандыгы туурасында маалымат берген. Белгисиз адамдардын тобун колдон чыгарбоо үчүн өзү "Пикертык" жылынуучу жайында аларды туткундоо аракетин көргөн.
Кылмышкерлер Барыкинди өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышкан. Кармаш учурунда Барыкин кылмышкерлердин экөөсүн мылтыгы менен атып өлтүрүүгө жетишкен.
Окуя болгон жерге чек арачылар келишкенде, кылмышкерлер чек арачыларга ок чыгарышкан. Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан “Пикертык” жылынуучу жайында кылмыштуу топ чек арачылар тарабынан курчоого алынган. 
Кылмыштуу топтун байкалгандыгы жана алардын курчоого алынгандыгы тууралуу чек ара өкүлчүлүктөрүнүн байланышы аркылуу кытай тарапка дароо маалымдалган.
Чек арачылардын багынгыла деген талабына кылмышкерлер баш ийишкен эмес. Андан соң атайын операциянын жүрүшүндө Ысык-Көл чек ара кошуунунун чек ара кезметине куралдуу каршылык көрсөткөн кылмыштуу топ башка күч түзүмдөрүнөн кошумча аскер бөлүктөрү тартылбастан, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн. 
Башка күч түзүмдөрүнүн атайын даярдыктагы топторуна аба ырайына байланыштуу окуя болгон жерге өз убагында жетүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин арасынан бир чек арачы жеңил жаракат алган.
Иликтөө ииштеринин жүрүшүндөгү  алдын ала маалыматтары боюнча белгисиз адамдардын жашы 25-30 жаштарды чамасында, сырткы келбеттери уйгурларга түспөлдөш болгон. Кылмышкерлер жарандык кийимчен, буттарында спорттук бут кийимдер болгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Куран китеби, жайнамаз, тесме, бычак, тамак-аш менен кошо жана башка буюмдар табылган. 
Ал эми кылмышкерлердин колунан каза тапкан Александр Барыкин 1952-жылы 1-январда Түп районунда туулган. 1977-жылы Иркутск шаарындагы айыл чарба институтунда билим алган. Кесиби боюнча биолог-мергенчилик таануучу. 1994-жылдан тартып Ысык-Көл облусундагы мергенчилер жана балыкчылар коомун жетектеп келген. Кесиптештеринин айтымында Барыкин чет өлкөлүктөрдү коштоп ууга чыгып турган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан