26- Январь 2014 -жылы
теннис боюнча Австралиянын Ачык биринчилигин Станислас Вавринка утуп алган
Мельбурн шаарында теннис боюнча Австралиянын Ачык биринчилиги аяктап, эркектер арасындагы жекеликтин финалдык беттешинде швейцариялык Станислас Вавринка испаниялык Рафаэль Надалды жеңген.
28 жаштагы швейцариялык теннисчи атаандашын 4 сеттин жыйынтыгында утуп алган (6:3, 6:2, 3:6, 6:3). Ошондой эле рейтингде 8-орунда турган Станислас Вавринка ушул эле мелдештин чейрек финалында сербиялык Новак Жоковичти артка таштаган.