29- Январь 2004 -жылы Кыргыз Республикасы-Өзбекстан чек арасын аныктоого арналган өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны ишин аяктаган
Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоого арналган өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны ишин аяктаган. Бишкек шаарында өткөн жыйынга Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселелери боюнча адистери, топографтары, картографтары чек араны тактоо маселесинин үстүндө иштеп, эки өлкөнүн 30 чакырым чек арасын аныктоого жетишкен. Ошондой эле жыйында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча 2003-жылы жүргүзүлгөн иш-чаралар жыйынтыкталып, 2004-жылдын биринчи жарымында чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын иш пландары бекитилген. 
Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1295 чакырымды түзөт.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан