6- Май 1953 -жылы Улуу Британиянын 73-премьер-министри Тони Блэр туулган
Улуу Британиянын 73-премьер-министри Тони Блэр Эдинбургда юристтин үй-бүлөсүндө туулган. Оксфорд университетинин Сейнт-Жонс колледжинен укук боюнча билим алган. Курсташтарынын эскерүүлөрүнө караганда Блэр тентек студент болгон. Рок-н-роллдун фанатына да айланып кеткен учуру болгон. Ал ортодо ал гана эмес Ugly Rumors рок-группасында да ырдаган. ЖОЖду аяктаган соң, Оксфорддо укук боюнча сабактарды өтө баштаган. 1976-жылы Лейбористтик партияга мүчө болуп, ошондон кийин саясый карьерасы башталган. 1987-1988-жылдары The Times гезитине макала жазып турган. Актёр Тони Буттун кызы Чэриге 1980-жылы баш кошуп, үч уул, бир кыздын ата-энеси болушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан