26- Октябрь 1947 -жылы Америкалык саясатчы Хиллари Клинтон туулган
Америкалык саясатчы, АКШнын 67-мамлекеттик катчысы, АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун жубайы, АКШнын 44-биринчи айымы Хиллари Клинтон Чикагодо туулган. 1969-жылы бакалавр дипломун алган соң Йель университетинин юридикалык факультетине тапшырган. 1973-жылы укук боюнча доктор наамына ээ болгон. Болочок күйөөсү Билл Клинтон менен студенттик күндөрүнүн биринде таанышып, 1975-жылы үйлөнүшкөн. Балдарды коргоо фондунда жана юридикалык фирмаларда иштеп баштаган. АКШнын эң бай адамдарынын катарына кирет. 1998-жылы Билл Клинтондун Моника Левинскиге байланыштуу окуясынан кийин аз жерден импичмент жарыяланып кете жаздаган. Ошондой оор мезгилде Хиллари айым күйөөсү менен ажырашам дебестен, аны колдогон. 1980-жылы Челси атуу кыздуу болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан