30- Январь 2011 -жылы
Австралиянын ачык чемпиондугу аяктаган
Мельбурнда теннис боюнча чоң шлем түркүмүнө кирүүчү 4 ири мелдештин бири – Австралиянын ачык чемпиондугу аяктаган. Эркектер арасында финалда көпчүлүк Федерер-Надаль тирешин күтсө да, чемпиондук Новак Жоковичке буюрган. Сербиялык теннисчи финалда англиялык Энди Мюррейди жеңген. Ал эми аялдар арасында бельгиялык Ким Клийстерс мелдештин ачылышы болгон кытайлык Ли Наны уткан.