8- Март 2011 -жылы Аялдардын эл аралык күнү
1908-жылы 8-мартта аялдардын социал-демократиялык уюму кыз-келиндердин укуктарын коргоо максатында массалык митингдерди уюштурган. Ал эми 1910-жылы Копенгагенде болуп өткөн социалист аялдардын II Эл аралык конференциясында Клара Цеткиндин демилгеси менен бул майрамга "эл аралык" деген статус берилген. 
Ошентип, 8-мартты бүткүл дүйнөлүк аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий теңчилиги үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү катары белгилөө кабыл алынат. 
1911-жылдан баштап 8-март майрамын белгилөө Европа мамлекеттеринде жайыла баштаган. Бир топ өлкөлөр бул майрамга мамлекеттик майрам деген макам беришкен. 
Ал эми 1975-жылы 8-марттын эл аралык статусу Бириккен Улуттар Уюму тарабынан да бекемделген. 
8-март майрамынын башатында адегенде аялзатынын социалдык-экономикалык жана укуктук талаптары турган болсо, бул бара-бара аялзат турмушундагы ар кандай өзгөрүүлөр менен кошо өзгөрүп, жаңы өңгө ээ болуп, азыркы учурда жалпы аялзатына урмат-сый тартуулай турган нагыз майрамдык мазмунга ээ.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан