30- Январь 1989 -жылы Акын Турар Кожомбердиев каза болгон
Акын Турар Кожомбердиев 48 жашында дүйнөдөн кайткан. 
Турар Кожомбердиев Калинин районундагы Сары-Булак кыштагында 1941-жылы туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1965-1966-жылдары "Кыргызстан пионери" гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылдан "Кыргызстан" басмасында редактор, 1976-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин аппаратында иштеген.
Т.Кожомбердиевдин чыгармачылык жолу 1959-жылы "Мугалимдер газетасына" жарыяланган "Мугалимге" аттуу биринчи ыры менен башталган. Ошондон тартып анын ыр, поэмалары газета-журналдардын беттерине басыла баштаган.
Т.Кожомбердиев республикабыздын бир нече жолку поэтикалык конкурстарынын жеңүүчүсү. Алгачкы ырлар жыйнагы 1961-жылы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен жарык көргөн.
1967-жылы Молдавия ССРинде ачылган жаш акындардын Бүткүл союздук биринчи фестивалынын, 1970-жылы Горький шаарында, 1972-жылы Казань шаарында өткөн Бүткүл союздук фестивалынын, 1972-1973-жылдары Красноярский крайындагы совет адабиятынын күндөрүнүн жана 1971–1972-жылдары кыргыз адабиятынын Украина менен РСФСРда өткөн декадасынын катышуучусу. Акындын балдар үчүн жазылган китептеринин айрымдары Москвалык басмалардан жарык көргөн.
Анын айрым ырлары орус, украин, казак, белорус, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган.
Турар Кожомбердиевдин 70тен ашуун ырларына обон жазылган. Калый Молдобасанов менен бирдикте "Саманчынын жолу" аттуу балет-ораториясындагы ораториянын текстин, "Гүлдө Кыргызстан", "Шаңдан мекен" аттуу кантаталардын текстин, Мукаш Абдраев менен бирдикте "Лирикалык хороводдун", Таштан Эрматов менен бирдикте "Элүү жылда элим жаңырды" аттуу кантаталардын ырларын жазган.
1970-жылы Турар Кожомбердиевге "Кызыл алма" жана "Таңкы симфония" аттуу ырлар жыйнагы үчүн республикабыздын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Ал Украина ССРинин жана Пенза обком партиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан