4- Февраль 1923 -жылы
Колумбия президенти Белисарио Бетанкур Куартас туулган
Колумбиянын мурдагы президенти Белисарио Бетанкур Куартас Колумбиянын Амага шаарында туулган.
Президенттик тактыга 1982-жылы 7-августта келип, 1986-жылдын 7- августуна чейин өлкөнү башкарып келген. Бетанкур президент болуп турган убакта көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу көбөйүп, жогорку окуу жайлар ачылып, сабатсыздык менен катуу күрөшкөн. Ошондой эле башкаруу, экономика жаатында реформалар жүргүзүлгөн.