Александр Иоан Куза Молдова жана Валахия
бириккен өлкөлөрүнүн биринчи князы болуп шайланган. Ал бириккен Румыниянын биринчи башкаруучусу
болгон. Александр Иоан 1820-жылы 8-мартта Румыниянын чыгыш тарабында жайгашкан
Бырлад шаарында туулган. 1859-жылы январь айында Молдованын князы,
ошол эле жылдын 5-февралында Валахиянын князы болуп шайланган. 1873-жылы 53
жашында дүйнөдөн кайткан.