5- Февраль 1971 -жылы
мамлекеттик ишмер Нурханбек Момуналиев туулган
Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев Жалал-Абад облусунун
Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган. Нурханбек Момуналиев 1992-жылы Архитектура-курулуш
техникумун техник-курулушчу адистиги боюнча аяктаган. 1999-жылы Чүй университетин
“салык иши” адистиги боюнча, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу башкаруу академиясын бүтүргөн. Эмгек жолун
1992-жылы референт кызматынан баштап, ар кандай кызматтарда иштеп отуруп,
2010-жылдан тартып өкмөттүн аппарат жетекчилигинде кызмат өтөгөн.