8- Февраль 1968 -жылы
V чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эристина Кочкарова төрөлгөн
V чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эристина Кочкарова Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетин (КМУ) бүтүргөн. 2001-жылы Урал мамлекеттик юридикалык академиясында (Екатеринбург ш.) юридика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу аркылуу диссертациясын коргогон. 2006-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиянын чечими менен доцент окумуштуулук наамы ыйгарылган.
КМУнун юридика факультетин бүтүргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында кенже илимий кызматкер, андан кийин илимий кызматкер болуп иштеген. Диссертациясын коргогондон кийин жогорку окуу жайына илимий-педагогикалык ишке өткөн, окутуучу, улук окутуучу, профессордун милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.
2012-жылдын январь айында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген. Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү.
Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган (2006-ж.). Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги (2008-ж.).