3- Февраль 1809 -жылы немис композитору Феликс Мендельсон туулган
 Немис композитору Феликс Мендельсон (толук аты-жөнү Якоб Людвиг Феликс Мендельсон) банкирдин үй-бүлөсүндө Гамбургда туулган. Музыкалык жөндөмдүүлүктөрү бала чагында эле пайда болуп, белгилүү музыкант Людвиг Бергерден билим алган. Мендельсон композитор гана эмес пианист, дирижёр, педагог болгон. Анын бүт дүйнөгө тараган чыгармасы "Жайкы түндөгү түш" (1826) деп аталып, көпчүлүк аны Мендельсондун "үйлөнүү-үлпөт маршы" деп аташат. 15 жашынан баштап ири музыкалык чыгармаларды жарата баштаган. 1847-жылдын жайында композитор жакын эжесинен айрылып, акыркы чыгармасы - "Фанни үчүн Реквиемди" жараткан. Ошол эле жылы 4-ноябрда ал Лейпциг шаарында 38 жашында дүйнө салган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан