4- Февраль 1976 -жылы Австриянын Инсбрук шаарында 12-Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп өткөн
Австриянын Инсбрук шаарында 12-Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп, 15-февралда Кышкы олимпиада оюндары аяктаган. Ага 37 өлкөдөн 1123 спортчу (231 аял) катышкан. XII Олимпиадада спорттун легендасына айланган советтик спортчулар Л.Пахомова менен А.Горошков, И.Роднина менен А.Зайцевдер көркөмдөп муз тебүү боюнча, хоккеисттер: В.Третьяк, В.Васильев, Б.Михайлов, В.Петров, В.Харламов, А.Якушевдер эсте каларлык тамшандырган оюндарды көргөзүшкөн. Натыйжада СССРдин командасы Олимпиада тарыхында боло элек рекорддук көрсөткүчтү жаратышып, 13 алтын, 6 күмүш, 8 коло медалга ээ болгон. Ал эми 2-орунда 7 алтын, 5 күмүш, 7 коло медаль менен ГДР болсо, 3-орунду АКШ 3 алтын, 3 коло, 4 күмүш медаль менен алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан