4- Февраль 2004 -жылы интернетте Facebook социалдык түйүнү ишке киргизилген
Facebook дүйнө жүзүнө кеңири тараган ири тармак болуп эсептелет. Ал Марк Цукерберг тарабынан негизделип, натыйжада ушул сайт аркылуу Марк Цукерберг 23 жашында планетабыздын эң жаш миллиардери болгон. Эң биринчи бул веб-сайт The Facebook деп аталган жана аталган сайтты бир гана Гарвард университетинин студенттери колдоно алышкан. Кийин катталууну Бостондун башка университеттерине ачып, андан соң АКШнын бардык окуу жайларынын студенттерине жеткен. 2006-жылдын сентябрь айынан баштап 13 жаштан өйдө электрондук почталары бар бардык интернет колдонуучуларына жеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан