5- Февраль 1952 -жылы Нью-Йоркто жөө адамдар үчүн алгачкы жол чырак орнотулган
Нью-Йоркто жөө адамдар үчүн алгачкы жол чырак орнотулган.
Алар жөө жүргүнчүлөрдүн жолдон өтүүсүн камсыз кылган. Аларда эки гана белги болгон. Бири жолдон өткөнгө уруксат бере турган, ал эми экинчиси, албетте, күтө туруу керек экенин билдирген. Ал максатта эки, жашыл жана кызыл түстөр колдонулган. 
Кийин жөө адамдар үчүн жол чырактар башка өлкөлөргө да тарап, кээ бир өлкөлөрдө жол чырактар кошумча үн сигналдары менен жабдылган. Анткени алар азиздерге ылайыкталып ойлонуп табылган.
Кийин жол чырактар атайын жазуу, адамдын сөлөкөтү менен да чыккан. Көнүп калган жашыл, сары, кызыл өңдөрдү карап эле жол тартибин сактабастан, жол чырактын жанына орнотулган атайын таблодон "Күткүлө!", "Өткүлө!" деген да жазууларды окуганга мүмкүн болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан