4- Февраль 1982 -жылы
америкалык ырчы, бийчи, актриса, фотомодель Кимберли Уайтт төрөлгөн
Америкалык ырчы, бийчи, актриса, фотомодель, белгилүү “Пуссикат Доллс” тобунун вокалисти Кимберли Уайтт АКШнын Миссури штатындагы Уоренсбург шаарында төрөлгөн. Кимберлинин атасы алыскы сапарга чыгуучу айдоочу болгон. Ал эми апасы атасын жандап саякаттап көп жүргөн. Ошентсе да алар кызын 7 жашынан бий ийримине беришкен. 14 жашында Кимберли Нью-Йорк шаарындагы бий мектебине жолдомо алган. Ал жакта эки жыл окуган соң ырчылардын клиптерине ылайыктап бийлөө сценарийин өзү түзө баштаган. Ошол кезде “Пуссикат Доллс” тобунун жетекчиси менен таанышып, 2003-жылы топко кошулуу сунушун алган. Ал эми 2010-жылы топтон чыккан.