Коргоо министри Эсен Топоевдин журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында Кыргыз мамлекетинин Куралдуу күчтөрүнүн 2010-жылга чейинки аскердик доктринасы кабыл алынгандыгы кабарланган. Министрдин айтымында, доктрина алкагында куралдуу күчтөрдү реформалоо жана анын техникалык, тактикалык сапатын арттыруу багыттары белгиленген.