5- Февраль 1941 -жылы обончу, композитор, дирижёр Сардарбек Жумалиев туулган
Обончу, композитор, дирижёр Сардарбек Жумалиев Чүйдүн Жар-Башы айылында туулган. Башталгыч мектепти айылдан окуп, 1955-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын алдындагы балдардын музыкалык мектебинин комуз классын бүтүрүп, 1959-1962-жылдары М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз ССРинин маданиятынын жана адабиятынын күндөрүнүн 2-декадасына катышкан. Эмгек жолун 1959-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуп жүргөн кезинде эле Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп иштөөдөн баштап, 1964-1967-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1968-1972-жылдары туңгуч кыргыз эстрадалык ансамблинде солист-аспапчы болуп иштеген. 1972-1975-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун 2 жылдык даярдоо курсунда теориялык-композитордук факультетинде композиция боюнча профессор М.Абдраевден, профессор К.Молдобасановдон, факультативдик-дирижёрлук боюнча профессор И.Давлесовдон окуган. 1975-1977-жылдары республикалык эл чыгармачыл үйүндө музыкалык редактор болуп эмгектенген. 1977-жылдан тартып Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру болуп эмгектенип келген. 1984-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун сырттан окуп бүтүргөн. Анын "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Жаңы жылды тосолу", "Ысык-Ата - Арашан", "Махабат мекени", "Кетпейм сага жолукмайынча", "Бульварым" жана башка жүздөн ашык обондору бар. Ал тарабынан Чүй облусунун "Сары-Өзөн гимни", "Кыргыз улуттук университетинин гимни", "Токой чарбасынын гимни", "Манас балдар мектебинин гимни", "Кыргыз патенттин гимни", Бишкек шаарынын "Бишкегим" аттуу гимндери жазылган. Жумалиев 1987-жылы Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамын, 1990-жылы А.Малдыбаев атындагы Эл аралык сыйлыгын, 1990-жылы "Эмгектин ардагери" медалын, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын, 2007-жылы Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалын, 2007-жылы Эл аралык "Руханият" ассоциациясынын сыйлыгын алган.
Ырчы Азамат Сарыбаевдин аткаруусундагы Сардарбек Жумалиевдин "Бульварым" аттуу чыгармасы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер ремейки" деп табылган. Ал эми Сардарбек Жумалиевге "Супер-Инфо" гезити тарабынан керемет ыр үчүн ыраазычылык билдирилген.
Ошондой эле Сардарбек Жумалиевдин "Кетпейм сага жолукмайынча" деген чыгармасын жаш аткаруучу Сагыныч 2013-жылы кайрадан жаңылап ырдап чыккан. Ал ыр "Супер-Инфо" гезити уюштурган супер тандоого коюлуп, бирок баш байгеге жетпей, "2013-жылдын ремейки" деп табылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан