Америкалык инженер жана жеке ишкер Нолан Бушнелл АКШнын Юта штатынын Клирфилд шаарында төрөлгөн. Катардагы эле үй-бүлөдө туулган инноватор кичинекейинде теңтуштарынан көп деле айырмаланган эмес. Атасы таштан түрдүү нерселерди жасаган уста болуп, баласын эмгекти сүйүүгө үйрөткөн. Анын “көп иштесең көп нерсеге жетесиң” деген сөзү Ноланга катуу таасир берген. Бушнелл эмгекти сүйүүнүн артынан техниканы мыкты өздөштүрүп, мектепте окуп жүргөндө радио жана сыналгыларды оңдоп акча таба баштаган. Бир жолу колледждеги окуусу үчүн төлөй турган акчасын карта ойноп уттуруп жиберет. Анан акча табыш үчүн “Көңүл ачуучу лагуна” деген жерге ишке орношот. Ошондон баштап бош убакыт болду дегиче ошол оюндар жайгашкан сейил бакка шашчу болот. Убактысын оюндар менен өткөрүп жүрүп колледжден кийин ЖОЖдун электроника факультетине өтүп, окуусун эң начар баалар менен аяктайт. Ага карабастан кумарпоз Нолан дал ушул технологиялар тармагында көрүнүктүү из калтыра алды.