5- Февраль 1960 -жылы Москвада Патрис Лумумба атындагы Элдердин достугу университети ачылган
Советтер Союзунун Министрлер кеңеши менен КПСС Борбордук комитетинин Токтомуна ылайык, Москва шаарында Патрис Лумумба атындагы Элдердин достугу университети ачылган.
Патрис Эмери Лумумба 1925-жылы 2-июль күнү Конгодо (Африкадагы өлкө) төрөлгөн. Ал – коомдук жана саясий ишмер. Конго Демократиялык Республикасынын биринчи премьер-министри, улуттук баатыр, акын, Африка элдеринин боштондук күрөшүнүн символу. 
Боштондук үчүн болгон аракеттеринин кесепетинде камакка алынган. Түрмөдө жатып саясатка мыйзам жолу менен аралашууну ойлойт да, бошонгондон кийин “Конгонун улуттук кыймылы” аттуу партиясын негиздеген. Шайлоодо партия жеңишке жетишип, ал Конгонун биринчи премьер-министри болуп дайындалат. 1960-жылы 7-июлда П.Лумумба СССР менен дипломатиялык мамиле курууга жетишкен. Эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бекемдөө үчүн Москвада анын атын жаңы ачылган Эл аралык достук университетине жана көптөгөн шаар көчөлөрүнө ыйгарууга чечим чыгарылган. 1960-жылы өлкөсүндөгү баш аламандыкка жол бергендиги үчүн Лумумба жумушунан бошотулуп, үй камагына алынган. 1961-жылы 17-январда каза тапкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан