6- Февраль 2006 -жылы премьер-министр Феликс Кулов президент Курманбек Бакиевге кат жолдогон
Премьер-министр Феликс Кулов президент Курманбек Бакиевге кат жолдогон. Өкмөт башчынын катында буга чейин анын 26-январда жасаган билдирүүсү мамлекет башчынын аброюна шек келтирүү, же өзүм билемдик эмес экендиги белгиленген. “Жогорку Кеңештеги сүйлөгөн сөзүңүздү даярдаган адамдар менин билдирүүм тууралуу туура эмес багыт беришкен” деп жазылат ал катта. Премьер-министрдин пикирине караганда, бийликтин криминалдашышы тууралуу чет өлкөлүк дипломаттар, коомдук уюмдар, саясий партиялар жана карапайым адамдар да айтып башташкан. Өкмөт башчы айрым мамлекеттик кызматкерлердин жашыруун мамилесинен пайдаланган криминалдык чөйрөлөр бийликке кирип келгенге аракет жасап жатканда ал өлкөдө болуп жаткан окуяларга унчукпай карап тура албастыгын билдирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан