4- Сентябрь 1969 -жылы Грузиянын 4-президенти Георгий Маргвелашвили туулган
Грузиянын 4-президенти Георгий Маргвелашвили Тблисиде төрөлгөн. Адистиги - философ. Философия илимдеринин доктору Георгий Маргвелашвили көп жылдар бою билим берүү тармагында иштеген.  
2012-жылы парламенттик шайлоодо “Грузия кыялы” партиясы жеңишке жетишип, Маргвелашвили Грузиянын билим берүү министри болуп, ал эми 2013-жылдын 7-февралында өлкөнүн вице-премьер-министри болуп дайындалат. 
2013-жылы 11-майда “Грузия кыялы” Маргвелашвилини өлкө президенттигине талапкер экенин жарыялаган. 
Георгий Маргвелашвили 2013-жылдын июлунда вице-премьер-министрликтен кеткен. 
2013-жылы 27-октябрь күнү Грузияда президенттик шайлоо өтүп, “Грузия кыялы” партиясынын талапкери Георгий Маргвелашвили 66,7 пайыз добуш менен Грузиянын 4-президенти болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан