7- Февраль 1969 -жылы
Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык Тургунбеков туулган
Зарлык Тургунбеков Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулган.
1975-1986- жылдары Кызыл-Суу айыл өкмөтүндөгү Жаңы Кайрат орто мектебинде окуп, 1986-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин эсеп-экономикалык факультетинен билим алган.
Ал арада 1987-1989-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1993-1994-жылдары Ош облустук экономика жана финансы башкармалыгында жетектөөчү адис, 1994-1996-жылдары Ош облустук мамлекеттик мүлк фондунун, Ош аукциондук борборунда жетектөөчү адис, координатор болуп эмгектенген. Ал эми 1996-1999-жылдары Кыргыз фондулук биржасынын Оштогу филиалынын директору болуп иштеген.
2013-жылдын 14-октябрында Зарлык Тургунбеков Кара-Суу шаардык кеңешиндеги шайлоонун жыйынтыгы менен Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланган.