11- Февраль 1975 -жылы “Темир айым” Маргарет Тэтчер Улуу Британиянын консервативдик партиясынын төрагасы болуп тандалган
“Темир айым” лакап атынын ээси Маргарет Тэтчер Улуу Британиянын консервативдик партиясынын төрагасы болуп тандалган. Маргарет Хильда Тэтчер Улуу Британиянын 71-премьер-министри жана Европалык мамлекеттер арасында премьер-министрликке келген алгачкы айым болгон. Анын башкаруусу XX кылымдагы эң узак башкаруу болгон. Совет жетекчилигин катуу сынга алгандыгы үчүн “Темир айым” лакап атына ээ болуу менен, “тетчеризм” деп аталган саясаттын бөлүгүнө бир катар консервативдик чараларды киргизген. Тэтчер өмүрүнүн акыркы жылдарында катуу ооруп, 2012-жылы табарсыгында пайда болгон шишикти алдыруу үчүн операция болгон. Ал 2013-жылдын 8-апрелинде 87 жаш курагында инсульттан улам жарык дүйнө менен коштошкон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан