10- Февраль 2006 -жылы
Туринде 20-Кышкы Олимпиада оюндары старт алган
Туринде 20-кышкы Олимпиада оюндары старт алган. Оюнду Италиянын ошол кездеги ажосу Карло Адзельо Чампи ачкан.
Ошентип 17 күн Италиянын Турин шаарында 20-кышкы олимпиадалык оюндардын оту жанып турган.
Олимпиадалык оюндарды көрүү үчүн миңдеген күйөрмандар дүйнө жүзүнөн Турин шаарына агылып барышкан. Олимпиадалык оюндардын кожоюндары 2 миң 573 спортчу жана ондогон машыктыруучуларды кабыл алып, спорт сарайларын, стадион, база, спорт комплекстерин, олимпиадалык айылдарын, мейманкаларын куруп, олимпиадачыларды тейлөөчү кызматкерлерди, журналисттерди, техникалык адистерди жана спорт күйөрмандарын жайгаштыруу, аларга шарт түзүү жана башка түмөн түйшүктүү иштерди аткарышкан.