11- Февраль 1776 -жылы
Греция менен Орусиянын мамлекеттик ишмери Иоанн Каподистрия туулган
Көз
карандысыз Грециянын биринчи президенти, Орусиянын 1816-1822-жылдардагы тышкы
иштер министри Иоанн Каподистрия туулган. И.Каподистрия жогорку окуу
жайында философия жана медицина курсун бүтүрүп, андан соң мекенине элчилик
кызматын өтөп баштаган. 1802-жылы Ион аралдарынын көпчүлүк бөлүгүн кыдырып,
орус гарнизонун куруу менен жарандык башкарууну түзүү тапшырмасы берилген. Ал 1803-жылы
Ион аралдарынын республикасынын тышкы иштери боюнча статс-катчысы болуп
дайындалган. Ошентип Иоанндын саясий карьерасы улам өсүп отуруп, ал Грециянын
президенти болгонго жетишкен. Каподистриянын душмандарынын арасында Петробей
аттуу анын саясаттагы өчөшкөнү 1831-жылы 9-октябрда уулу жана агасы менен
Иоаннга кол салып, аны өлтүрүшкөн.