11- Февраль 1975 -жылы Саясий ишмер, Мадагаскардын президенти Ришар Рацимандрава өлтүрүлгөн
Аскердик жана саясий ишмер, Мадагаскардын президенти Ришар Рацимандрава өлтүрүлгөн. Р.Рацимандрава 1931-жылы 21-мартта Франция колониясындагы Мадагаскардын Тананариве шаарындагы Мангаривотра районунда туулган. Президенттикке келгенине 7 күн толук өтө электе полковник Ришар 11-февраль күнү кечинде Аноси районундагы министрлер кабинети үчүн жыйын өткөргөн. Жыйындан чыгып, кызматтык унаасы менен өзү жашаган резиденцияга бара жатканында анын унаасы жана коштоп келе жаткандардын унааларына карай ок атылган. Тийген октон улам Рацимандрава кырсык болгон жерде жарык дүйнө менен коштошкон. Анын өлүмүнө байланыштуу 1975-жылдын 21-мартынан 12-июнуна чейин созулган соттук процесстердин жыйынтыгында, кылмышка шектелип жаткан, полициянын мобилдик тобунун мүчөлөрү менен катар өлкөнүн мурдагы президенти Филибер Циранана дагы акталып чыккан.  
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан