12- Февраль 1942 -жылы
Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Барак туулган
Саясий
ишмер Эхуд Барак Палестинада туулган. Мектепте анча деле жакшы окуган эмес, бирок 1968-жылы Иерусалимдеги Еврей университетин ийгиликтүү аяктап, физика жана математика жаатында бакалавр даражасын алган. Андан соң Калифорниядагы Стэнфорд университетинен экономика боюнча магистр болуп чыккан. Алгач аскер кызматына кызыгып, кийин саясатка аралашып кеткен. 1995-жылы Израилдин ички иштер министри болсо, 1996-жылы тышкы иштер министри, 1999-жылы жарым жылдай туризм министри, кийин коргоо министри, 1999-2001-жылдары премьер-министрликти аркалап, андан соң билим берүү, айыл-чарба министри болуп эмгектенген.