25- Март 2011 -жылы
Кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана аны жоюунун эл аралык күнү
Бул күн 1791-жылы Гаити менен Сан-Домингодогу кулдардын көтөрүлүшү жана кулчулук системин жоюу процессинин башталышына байланыштуу ЮНЕСКО тарабынан кабыл алынган.
АКШнын мамлекеттик департаментинин адам сатуу жана кулчулук боюнча изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдө 27 миллиондон ашык адам кулчулуктун курмандыгына айланган.
Эл аралык миграция уюмунун эсептөөлөрүнө караганда, Кыргызстанда жылына 5 миңге жакын жаран ар кандай жол менен кулчулукка туш болот. Алардын ичинен эмгек кулчулугуна туш болгондор Орусия менен Казакстанга кетишсе, сексуалдык кулчулукка Түркия жана Араб Эмираттарына сатылган учурлар арбын.