Кыргызстандын Баш мыйзамы жалпы элдик референдумда өзгөрүүгө дуушар болгон. Адистердин айтымында, бул жолку түзөтүү жана толуктоолордун натыйжасында Кыргыз мамлекети парламенттик-президенттик республика формасынан толугу менен президенттик өлкөгө айланган. Конституциялык өзгөртүүгө ылайык президенттин бийлик, ыйгарым укуктары көбөйтүлгөн. Эми мамлекет башчысы өлкөнүн ички жана тышкы саясатын аныктай турган чексиз укуктарга ээ болгон.