Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясы "Интеллектуалдык менчик туурасындагы мыйзамды аткарууга" багытталган токтом кабыл алган. Областтык администрациянын токтомунда райондук бийликтен тарта, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилерине чейин интеллектуалдык менчикти коргоо ишине көмөктөшөөрү белгиленген. Мындан тышкары, областтык укук коргоо органдары менен областтык бажы инспекциялары мекчикке байланышкан укук бузууларга жол бербөө маселелери каралган.