10- Февраль 2008 -жылы Кыргыз өлкөсүнүн борборунда өткөн "Алматея – Борбор Азиядагы аял" аттуу кинофестиваль ишин жыйынтыктаган
Кыргызстандын борборунда өткөн "Алматея – Борбор Азиядагы аял" аттуу кинофестиваль ишин жыйынтыктаган. Борбор Азиядан чогулган киночуларга, адистер менен искусство таануучуларга аялдар маселесине арналган он даректүү тасма көрсөтүлгөн. 
Кинофестиваль алкагында “Бейөкмөт уюмдарга тартылган аялдар” жана “Сулуулук бурчу” аттуу сүрөт көргөзмөсү өткөрүлгөн. Борбор Азиядагы аялдарга арналган ийримди Венадагы “Dialog Central” уюму уюштуруп, анын максаты искусство аркылуу аймактагы аял затына тиешелүү көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан