10- Февраль 1986 -жылы кикбоксчу Кумар Жалиев туулган
Кикбоксчу Кумар Жалиев Ош шаарында төрөлгөн. Спортко бала чактан эле кызыгып, 8-классынан баштап спорт залга бара баштаган. Ошол күндөн тарта кикбоксингдин үстүндө тынымсыз иштеп, 11-класста Республиканын чемпиону болгон. Ал кикбокс сүйүүчүлөр арасында Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (Украина-2003, Марокко-2005), WAKO версиясы боюнча Азия чемпиону (Бишкек-2004), профессионалдар арасындагы кикбокстун WBKF версиясы боюнча Евразиянын чемпиону (Варшава-2008). 2009-жылы Бишкекте кикбокс боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн Эл аралык 4-мелдеш өткөн. Анда чет элдик мушкерлердин кубокко ээ болуу тилеги таш каап, абройлуу сыйлыкты Кумар Жалиев 23 жашында жеңип алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан