Япония “Осуми” аттуу Жердин жасалма жандоочусун орбитага чыгарган. Спутниктин аталышы космодром жайгашкан жарым аралдын аталышын алган. Бул Япониянын бешинчи аракети болгон. Ошондой эле Япония СССР, АКШ, Франциядан кийин Жердин жасалма жандоочусун орбитага чыгарган төртүнчү өлкө болгон.