12- Февраль 1954 -жылы
америкалык программист Филипп Зиммерманн туулган
Америкалык программист Филипп Зиммерманн АКШнын Нью-Жерси штатындагы Кэмден округунда айдоочунун үй-бүлөсүндө туулган.
Филипп Зиммерманн 1978-жылы Флоридадагы Атлантика университетин аяктап, компьютердик программалоо боюнча бакалавр даражасына ээ болгон. 20 жылдай программист болуп иштеген. 1991-жылы жалпыга белгилүү, электрондук даректерди шифрдөө үчүн колдонулган, PGP (Pretty Good Privacy) компьютердик программасын жазып, коомчулукка жарыялаган.