13- Февраль 1903 -жылы Советтик физик Анатолий Александров төрөлгөн
Советтик физик, советтик ядролук энергетиканын негиздөөчүлөрүнүн бири Анатолий Александров Киев областындагы Таращи шаарында төрөлгөн.
Анатолий Александров үч жолу Социалдык Эмгектин Баатыры (1954, 1960, 1973), СССР ИАнын академиги (1953), президенти (1975), 1962-жылдан КПССтин мүчөсү, 1966-жылдан КПСС БКнын мүчөсү болгон. Ал 1930-жылы Киев университетин бүтүргөн. 1946-1955-жылдары СССР ИАнын физикалык көйгөйлөр институтунда, 1960-жылдан И.В.Курчатов атындагы атомдук энергия институтунун директору болуп иштеген. Анатолий Александровдун эмгектери диэлектриктер физикасына жана жогорку молекулалуу бирикмелердин касиеттерин изилдөөгө арналган. Катуу нерселердин бекемдигинин статистикалык теориясын сунуш кылган. Ал эми 1936-жылы Экинчи дүйнөлүк согушта колдонулган кемелерди минадан сактоо методун ачкан. 1946-жылдан баштап ядролук реакторлорду түзүү боюнча иштеген.
Анатолий Александров СССР Жогорку Кеңешинин 5-6-чакырылышындагы депутаты болгон. Ал 1959-жылы Ленин, ал эми 1942-1949-1951-1953-жылдары Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, 7 жолу Ленин ордени ж.б. орден, медалдар менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан