1- Март 1911 -жылы
голландиялык химик Якоб Хендрик Вант-Гофф каза болгон
Голландиялык химик, химия боюнча "Нобель" сыйлыгынын алгачкы ээси Якоб Хендрик Вант-Гофф 58 жаш курагында Берлинде каза болгон.
Якоб Хендрик Вант-Гофф 1852-жылы 30-августта Роттердамда врачтардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1869-жылы шаардык мектепти аяктагандан кийин Вант-Гофф Дельфтадагы Политехникалык мектепте инженердик кесиптик окуу жайында окуган. Ал жактан ал эки жылдын ичинде үч жылдык программаны өтүп салган жана бүтүрүү экзамендерин бардык окуучулардан эң мыкты тапшырган. Бала кезинен тартып өмүр бою философияга, поэзияга, өзгөчө, Жордж Байрондун чыгармаларына кызыккан. Вант-Гофф Политехникалык мектепте окуп жүргөндө эле лабораторияда көп иштегендиктен лабораториядагылар иштегенге тыюу салышкан. Ошондо ал өзүнүн үйүнө лаборатория ачкан жана ал тажрыйбаларын көрүүгө бардык каалоочуларды чакырып алчу. Ага өспүрүм кезинде эле "Органикалык синтез канчалык алыс барат" деп берилген суроого ал "клеткага чейин" деп жооп берген. Өзү болсо өмүрүнүн акырына чейин ушул жаатта изилденген.
1871-жылы Ван-Гофф Лейден университетинин студенти болгон. Кийинки жылы ал Бонн университетине Фридрих Август Кекуленин өзүнөн химияны изилдөө, үйрөнүү үчүн которулуп кеткен. Эки жылдан кийин келечектеги чоң окумуштуу Париж университетине которулуп, ал жактан окумуштуу Шарл Адольф Вюрцтун жетекчилиги менен 1874-жылы диссертациялык ишин жактаган. Анын химия илиминде изилдеген бардык ишин окумуштуулар бир теорияга бириктирип: термохимия, электрохимия жана тең салмакты үйрөнүү деп аташкан жана андан химиянын теориялык фундаменти пайда болгон.
1901-жылы Вант-Гофф Химия динамикасынын жана аралашмадагы басымдын осмотикалык закондорунун ачылышына чоң салымын кошкондугу үчүн химия боюнча Нобель сыйлыгынын 1-лауреаты болгон.