31- Январь 1973 -жылы норвегиялык экономист Фриш Рагнар каза болгон
Норвегиялык экономист Фриш Рагнар 77 жашында туулуп-өскөн жери Ослодо каза болгон.
Фриш Рагнар 1895-жылы 3-мартта Ослодо төрөлгөн. Ослодо университетти бүтүп, окуусун Америкада, Францияда уланткан. 1926-жылы Осло университетинде докторлук наамын алган. 1931-жылы университеттин Социалдык экономика жана статистика институтунун профессору жана директору болуп, ал эми экинчи дүйнөлүк согушта улутчулдук режим учурунда камакта болгон. Индиянын жана Египеттин өкмөтүндө экономика боюнча кеңешчи болуп иштеген. Университетте өзүнүн менчик мектебин түзгөн. 1933-1955-жылы "Эконометрика" журналынын редактору болгон. Фриш эконометриканы түзүүчүлөрдүн бири катары таанымал жана ал биринчи болуп "эконометрика" терминин колдонгон. Фриш Рагнар 1969-жылы экономика багыты боюнча Нобель сыйлыгын алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан