3- Март 1895 -жылы
норвегиялык экономист Фриш Рагнар туулган
Норвегиялык экономист Фриш Рагнар Ослодо төрөлгөн. Ослодо университетти бүтүп, окуусун Америкада, Францияда уланткан. 1926-жылы Осло университетинде докторлук наамын алган. 1931-жылы университеттин Социалдык экономика жана статистика институтунун профессору жана директору болуп, ал эми экинчи дүйнөлүк согушта улутчулдук режим учурунда камакта болгон. Индиянын жана Египеттин өкмөтүндө экономика боюнча кеңешчи болуп иштеген. Университетте өзүнүн менчик мектебин түзгөн. 1933-1955-жылы "Эконометрика" журналынын редактору болгон. Фриш эконометриканы түзүүчүлөрдүн бири катары таанымал жана ал биринчи болуп "эконометрика" терминин колдонгон. Фриш Рагнар 1969-жылы экономика багыты боюнча "Нобель" сыйлыгын алган. Ал 1973-жылы 31-январда Ослодо каза болгон.