31- Март 1917 -жылы
Немец бактериологу Эмиль Адольф фон Беринг каза болгон
Немец бактериологу Эмиль Адольф фон Беринг 63 жашында Марбургда каза болгон.
Эмиль Адольф фон Беринг Пруссияда 1854-жылы 15-мартта төрөлгөн. 1880-жылы Берлин университетин бүтүрүп, аскер хирургу болуп иштеген. 1889-жылы Берлиндеги Жугуштуу оорулар институтунда белгилүү немец бактериологу Р.Кохтун лабораториясында иштеген. 1894-жылы Галле университетинин профессору, 1895-жылы Марбургдагы Эксперименталдык терапия институтунун директору жана профессору болгон.
Эмиль Адольф фон Беринг 1901-жылы биринчилерден болуп физиология жана медицинада сары суунун (сыворотка) коргоочу касиетин ачкандыгы үчүн Нобель сыйлыгына арзыган.