Немец бактериологу Эмиль Адольф фон Беринг Пруссияда төрөлгөн. 1880-жылы Берлин университетин бүтүрүп, аскер хирургу болуп иштеген. 1889-жылы Берлиндеги Жугуштуу оорулар институтунда белгилүү немец бактериологу Р.Кохтун лабораториясында иштеген. 1894-жылы Галле университетинин профессору, 1895-жылы Марбургдагы Эксперименталдык терапия институтунун директору жана профессору болгон.