11- Февраль 2005 -жылы
коомдук жана саясий ишмер Жумгалбек Аманбаев каза болгон
Кыргызстандын 2005-жылкы парламенттик шайлоо жарышы маалында айтылуу коомдук жана саясий ишмер Жумгалбек Аманбаев каза болгон. Ал №74-Жети-Өгүз шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталган. Убагында ал Кыргызстан Коммунисттик партиясын жетектеп, 1993-1995-жылдар аралыгында вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин "Буудай" мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.