11- Февраль 1964 -жылы "Яндекс" маалымат издөөчү сайттын негиздөөчүсү Аркадий Волож туулган
"Яндекс" маалымат издөөчү сайттын негиздөөчүсү Аркадий Юрьевич Волож Казакстандын Атырау шаарында туулган. Кесиби боюнча математика мугалими.
"Яндекс" – дүйнө жүзүндөгү эң чоң маалымат издөөчү сайттардын төртүнчүсү деп саналат (2012). Башкы кеңсеси Москва шаарында орун алган. Мындан тышкары Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Одесса, Симферополь жана Киев шаарларында атайын кеңселери бар. 2008-жылы АКШ­нын Калифорния штатына "Yandex Labs" деген аталышта филиал ачышкан. Сайтты ачуу идеясы башкы директор Аркадий Воложго таандык. Идея 1993-жылы жаралган. Бирок материалдык жактан аксап, ишке ашыра албай келген. 1997-жылы каражат табылып, долбоор кылдаттык менен иштелип чыгып, расмий түрдө ачык деп жарыялаган. Сайттын негизги өзгөчөлүгү – андагы маалыматтар изилденип, тастыкталып, анан киргизилгени. 
"Яндекс" деген аталышка ар кандай түшүндүрмө берсе болот. Мисалы, "Yet another indexer" ("Дагы бир индексатор") же "Языковой iNDEX" ("Тил индекси").
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча, компания 8,22 млрд рубыль таза киреше ала алган. Ал эми 2014-жылдын башында "Яндекс" компаниясында 6000ден ашуун кызматкер эмгектенип, "Баары табылат!" ("Найдётся всё!") деген ураан менен иш алып барышат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан