11- Февраль 1961 -жылы
куудул Дөөлөт Мадымаев туулган
Куудул Дөөлөт Мадымаев Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Булаш кыштагында туулган. Апасынан 16 жашында ажырап, үйдүн улуусу болгондуктан, турмуштун далай ысык-суугун башынан өткөргөн. Мектепте тентек, шок, тамашакөй окуучу болгон. Кесиптик орто окууну бүтүрүп, тракторист-механик күбөлүгүн алган.
Куудул Манас Бердибеков Кара-Сууда жүрүп эл арасынан Дөөлөт Мадымаевдин талантын байкап, чоң сахнага алып келген. 1987-жылы “Чал-кемпирдин чатагы” деген номери менен Кызыл-Кыя шаарында алгачкы жолу сахнага чыккан.
Дөөлөт Мадымаев 2011-жылы 8-октябрда оорудан улам көз жумган.