11- Февраль 1992 -жылы америкалык актёр Тэйлор Лотнер төрөлгөн
Америкалык актёр Тэйлор Даниель Лотнер АКШнын Мичиган штатында төрөлгөн. Апасы Дебора программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен алектенген компаниялардын биринде иштесе, атасы Даниэль – учкуч болгон. Көпчүлүк чыгармачыл кесиптештеринен айырмаланып, ал келечекте актёр болууну кыялданган эмес. 6 жашынан “Фабиано” каратэ мектебине бара баштаган. Бир жылдык машыгуусунан соң каратэ боюнча өткөн мелдеште жеңүүчү болууга жетишип, ал тургай 7 жолку чемпион Майк Чаттын өзүнөн сабак алууга мүмкүнчүлүк алган. Каратэни мыкты өздөштүрүп, көп өтпөй каратэ боюнча эл аралык мелдеште өз өлкөсүнүн намысын талашып, өспүрүмдөр арасында курал менен өнөр көрсөтүүдө чемпион болуп, 3 алтын медаль жеңип алган.
Окутуучусу Майк Чат 8 жашар баланын актёрдук да жөндөмү бар экенин сезип, “уулуңар жарнамаларга тартылып, тасма жаатында өзүн сынап көрүшү керек” деп Тэйлордун ата-энесин көндүргөн. Кубануу менен колдогон ата-эне уулунун роль аткарууга кызыкдар болуп калганын байкап, актёрлук чеберчилигин өстүрүүгө шарт түзүп, Мичигандан Лос-Анжелеске биротоло көчүп барышат. 
Лос-Анжелести байырлаган жаш актёр ар бир майда ролдордон калган эмес. Ал 9 жашында алгачкы жолу “Менин жубайым жана балдарым” (“Моя жена и дети”), “Берни Мактын шоусу” (“Шоу Берни Мака”), “Дэнни-арбак” (“Дэнни-призрак”) аттуу сериал, телешоулорго тартылган. Жаш таланттын үнүн жагымдуу деп жактырышып, кадр артында мультфильмдерде үн коштотуп да коюшчу. Чоң тасмадагы дебюту 2001-жылы “Өлтүргүч көлөкө” (“Тень-убийца”) деп аталган фантастикалык телефильмде болгон. Мындан кийин телесериалдарга да байма-бай катыша баштаган. Чыныгы атактуулукту ал “Шаркбой менен Арстандардын жоруктары” (“Приключения Шаркбоя и Львы”) деп аталган балдарга арналган фантастикалык боевиктен соң багынткан. “Дүңүнөн арзан” (“Оптом дешевле”) аттуу ал тартылган комедия дүйнөлүк прокатка чыгып, 128 миллион доллар каражат алып келген. 
Жаш баланын шыгын продюсерлер да көз жаздымда калтырышкан эмес. 2008-жылы "Күүгүм" мистикалык тасмасына тартылууга сунуш алып, тасмада Жейктин образын жаратуу үчүн атайын машыгуудан өтөт. Анткени режиссёрдун талабы боюнча Жейкоб Блэк булчуңдуу жана күчтүү болушу керек эле. Режиссёрлор Тэйлордун чачын өстүрүп, күчтүү болуп чыга келишине ишенишпей, Жейкобдун ролуна башка да талапкерлерди сынап көрүшкөн. Анткен менен кыска убакыттын ичинде 13 килограммга толуп, тартуучу топту таң калтыра алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан